Menu

Атамбаевдин адвокаты акылынан айный баштадыбы?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Россиянын тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин эжеси Яха Батукаеваны суракка алганынын билдирип, ал орулуу инисинин бошотулушу боюнча конкреттүү бирөөнү көрсөтпөгөнүн жар салды. Адвокаттын бул аракети акылга сыйбай турат. Анын логикасы боюнча Батукаевдер күнөөлүү катары бирөөнү көрсөтпөсө эле иштин баары жабылып, эч кимдин күнөөсү жок болуп чыгышы керекпи? Негизи, алар кутулуп кеткен, эми бирөөнү көрсөткөнгө акысы да жок. Баса, Яха Батукаева 2013-жылы жалаяктай маек берип, күйөөсү Адам Хамидов 2012-жылы март айында Бишкекке учуп келип, ошол кездеги омбудсмен Турсунбек Акунга 100 миң доллар бергенин, андан ишеним кат жаздырып алганын ачыкка чыгарган. Бул фактынын өзү бийликтеги жетекчилерди дүңүнөн сатып алган коррупциялык элемент катары каралышы керек. Мындан сырткары, Замир Жоошев кримтөбөл Азиз Батукаевдин ден соолугу тыңып кеткени боюнча маалымат жоктугун айтып, анын туура бошотулганына басым жасаганга аракеттенүүдө. Анын ою боюнча кримтөбөлдүн тирүү жүргөнү ден соолугу чың дегендикке жатпайт имиш. Асыресе, бул аргумент да коомчулуктун акылына сыйбай турат. Эгерде адвокаттын айтканындай болуп, кокустан «Батукаевдин ден соолугу начар» деген бүтүм келип калса, анда туура бошотупсуңар деп Атамбаев баш болгон аткаминерлерден кечирим сурап, ишти жабыш керекпи? Ңамыс, ар деген кайда калат? Далай кыргыздын кулагын кесип, депутат Т.Акматбаевди шейит кетирген дөлөңгүттү кызыл килем менен узатуунун өзү шерменделик да. Баса, мыйзам боюнча саналуу күндө өлөт деген киши гана чыгарылат, аны так билген Турсунбек Акун ошол маалда тотукуштай гана сайрап, «Батукаев 5 күндө өлөт» – деп карганган. Андан бери 9 жыл өттү, Батукаев өлмөк турсун катын алып, кутуруп жүрөт. Буга не дейсиң айланайын адвокат?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: