Menu

Арстан Алайга кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы Арстан Алайдын айткан сөздөрү боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу кечээ (18-октябрда) билдирүү таратты.

Алардын айтымында, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине да катталып, Кылмыш иш КРнын Жазык кодексиндеги 313-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча өндүрүшкө алынып, диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен Арстан Алайдын сөзүнқ юридикалык баа берилет.

Эске сала кетсек, 16-октябрда, парламентте депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашкан. Анда Арстан Алай да сөз болуп, анын айткандары экспертизага жөнөтүлгөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов билдирген. Бул билдирүү боюнча Арстан Алайга кайрылсак, ал эс кандай экстремисстик нерсе кылбаганын айткан.

Арстан Алай өзүн «Ааламдын Кудайы» деп жарыялаган маалымат жыйынды 1-октябрда өткөргөн жана социалдык тармактарга ал ушундай сөздү жайылтып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: