Menu

УКМК: “Солтон Сары” жер кенинен алтын камтыган өнөр жай продуктусун уурдаган канал аныкталды

Бөлүшүү:

“Солтон Сары” жер кенинен “Солтон Сары” алтын чыгаруучу фабрикасынын алтын камтыган өнөр жай өндүрүшүн системалык түрдө уурдаган канал кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, “Солтон Сары” алтын чыгаруучу фабрикасынын кызмат адамдары аталган фабрикадан алтын кендерин Нарын жана Чүй областарынынын аймагында сатуу максатында мыйзамсыз чыгарып турган.

2019-жылдын 27-декабрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун Оттук айылында «Мерседес Спринтер» авто унаасы кармалып, анда өлчөмү 1500 кг турган 35 кап алтын камтыган кени табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 млн. сомду түзөт.

КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгынын материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-б. “Коррупция” боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2019-жылдын 29-декабрында «Солтон Сары» кенинин башчысы «А.М.Ж.», «Солтон Сары» алтын кен фабрикасынын директору «О.Б.Ж.» жана адиси «К.Н.Р.» кармалып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта аталган ишке катыштыгы бар болгон башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: