Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футбол федерациясынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Алардын айтымында, жолдоштук беттеш 9-ноябрда Ташкенттин “Пахтакор” стадионунда өтөт. Андан соң, футболчулар Бишкекке кайтып келип, 14-ноябрда Японияда, 19-ноябрда Тажикстанда боло турган мелдештерге даярдык көрөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ