Menu

Жыргалбек Турускулов, ЖК депутаты: “Ар бир башталган ишти аягына чыгарып тим болбостон, жыйынтыгын дагы билгенибиз оң”

Бөлүшүү:

Ушул максатта, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, Мамлекеттик материалдык резерв фондунун жаңы жетекчисинен жасалган иш аракеттер боюнча, маалыматын талап кылды. Ошондой эле, буга чейин ачыкталган жана далилденген азык түлүк коопсуздугуна туура келбеген тартип бузууларды четке кагуудагы абалга кызыктар экендигин билдирди.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 20-октябрында Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан  элге курттаган ун  таратылып жаткан фактысы боюнча, депутаттык коммисия түзүлүп, факт депутат тарабынан далилденген. Бүгүнкү күнгө карата, мамлекеттик резерв фондунун маалыматына ылайык:

  1. Азык түлүк коопсуздугуна карата тартип бузууларга жол берген Жумабеков Ж.К кызматынан бошотулган.
  2. Лабаратория жана кампа кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү болуп, сөгүш жарыяланган.
  3. Курттаган ун алынып, малга тоют катары таратылган.
  4. Фондун кампаларында тиешелүү алдын ала тазалоо иштери уюштурулган.
  5. Өндүрүш жана иштеги бардык талаптарды аткаруу боюнча иш уюшутурулууда.

Элибизге карата кыянатчылык орун албашы үчүн, ар бир иш аягына чейин чыгарылып, ал гана эмес жыйынтыгы элге жетиш керек. Ошондой эле, мындай көрүнүш кайталанбашы зарыл жана менин көзөмөлүмдө, -дейт депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: