Menu

Экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев кайрадан камакта калды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-октябрда, Бишкек шаардык сотунда Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу абакта отургандардын (Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов, Темирлан Бримкуловдун) бөгөт чарасы каралып, ал эч өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Свердлов райондук соту шек саналып жаткан адамдарды 12-декабрга чейин камакта калтырууну чечимин 7-октябрда чыгарган. Ага нааразы болгон шектүүлөрдүн адвокаттары шаардык сотко арыз менен кайрылышкан. Адвокаттардын арыздары канааттандырылбай, райондук соттун чечими күчүндө калган.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, биртоп адамга кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: