14-октябрдан 18-октябрга чейинки аралыкта Орусиянын айыл-чарба продукцияларын көзөмөлгө алган башкармалыгы Ростов, Волгоград, Астрахан облустарындагы жана Калмыкия республикасындагы чегаралардан Казакстан менен кыргызстандын карантинге кирген беш партия продукцияларын киргизбей койду. Бул тууралуу көзөмөл орган 22-октябрда өзүнүн расмий сайтына жайгаштырган.
Товарлардын документтерин текшере келгенде, 78 тонна азык-түлүк төө буурчак менен кургатылган кара өрүктүн маркировкасы жок болуп чыккан. Аларды ташыган автоунаалар кайрадан өз өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ