СССР эли аритсти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына байланыштуу эстелигин кайра жасоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу 22-октябрда Бишкек мэриясы билдирди.
Мурда орнотулган эстелик көпчүлүктүн купулуна толбой, нааразы болгондор көп эле. С.Чокморов атындагы коомдук фонд да бул эстелик чыгармачыл эксперимент болгонун моюндарына алып, киножылдыздын түспөлүн кайрадан жасоого башка айкелчилерди жалдаган.
Жаңы эстеликтин авторлору – айкелчи Азамат Абдрахманов жана архитектор Нурсейит Мамбетказиев.
Жаңы эстелик кыргыз киносунун күнүнө карата 17-ноябрда орнотулмакчы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ