Кашкадарыя облусунун Диагностика борборунда 32 жыл иштеген башкы дарыгер Хасан Сайфиев борбордун имаратын тартып алышкандан кийин жүрөгү токтоп каза тапты. Облустук акимчиликтин имаратынын алдында 30дай дарыгер жана медайым каршылык акциясын өткөрдү.
Дарыгерлердин айтымында, жергиликтүү бийлик Диагностика борборунун эки имаратынын бирин тезинен бошотууну талап кылган.
– Биздин ордубузга №24 бейткапкананын жана шаардык оорукананын кызматкерлери көчүп келерин айтышты. 4-февралда түнкү саат 12ге чейин имараттан бардык жабдууларды жана аппаратураларды алып чыгып кеттик, – деди ал.
Анын айтымында, ушул эле күнү борборду 32 жыл жетектеген башкы дарыгер Хасан Сайфиевдин жүрөгү кармап, жумушунда көз жумган.
Дарыгердин өлүмүнөн кийин 30дай медициналык кызматкер Кашкадарыя облустук акимчилигинин имаратынын алдына каршылык акциясына чыккан.
– Баарыбыз капаландык. Биздин борбордун мүмкүнчүлүктөрүн эске албай, бийлик эмне үчүн мындай чечим кабыл алат. Жабдууларды жана аппаратураларды кайда коебуз? Алар биздин бейтаптардын санын дагы эске алышкан жок. Эмне үчүн эч ким 200дөй дарыгер жана медайымдын тагдырын ойлобойт? Милиция кызматкерлери бизди акимчиликтин имаратына киргизбей коюшту. Бийлик өкүлдөрүнүн бирөө да чыкпады, – деди медайымдардын бири.
Бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ