Menu

Алишер Усманов Энрике Иглесиастын Ташкенттеги концертине демөөрчүлүк кылат

Бөлүшүү:

28-декабрда Ташкентте белгилүү испан ырчысы Энрике Иглесиас концерт коёт. Art Uz Promotion Agency маалымдагандай, бул иш-чара өзбек тектүү белгилүү орус олигархы Алишер Усмановдун колдоосу менен өтөт.

Билеттерди Өзбекстан Маданият министрлиги менен Өзбекстан Жаштар биримдиги таланттуу жаштар арасында бекер таратат.

Жашкы окуган жана коомдук иштерге жигердүү катышкан улан-кыздар Энрике Иглесиастин концертине баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Энрике Иглесиас – Алишер Усмановдун чакыруусу менен ушул айда Өзбекстанга концерт койгон үчүнчү чет өлкөлүк ырчы. Декабрда Ташкентке орус олгигархынын колдоосу менен британ ырчысы Робби Уильямс менен белгилүү испан опера ырчысы Хосе Каррерас келип кетишкен.

Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, батыш артисттеринин коцерти Алишер Усмановдун өзбекстандыктарга арнаган жаңы жылдык белеги болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: