Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Смерч” (“Куюн”) жана «Снег и золото» (“Кар менен алтын”) повесттери жарык көрдү. Бул тууралуу “Манас” жана Ч.Айтматов улуттук академиясы бүгүн, 23-октябрда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, “Смерч” (“Куюн”) повести 1986-жылы “Памир” аттуу тажик журналында жарык көргөн. Анын негизинде тажик кинорежиссеру Бако Садыков “Смерч” аттуу көркөм фильм тарткан.
Ал эми экинчи «Снег и золото» (“Кар менен алтын”) аттуу повести академиядагылардын айтымында, аягына чыкпай калган. “Повесть жакшы жазылган, аягы жок болсо да, окурманга катуу таасир берет экен”, – дейт алар.
Аталган академиянын президенти Топчубек Тургуналиевдин айтымында, бүтпөгөн повесттин кол жазмасын Ч.Айтматовдун үй-бүлөсү берип жиберген.
Улуу жазуучунун уулу Эльдар Айтматов: “Дагы бир топ бүтпөй калган чыгармалары бар. Аларды иретке салып, анан чыгарсакпы деп турабыз”, – дейт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ