Бул тууралуу кинематография департаментинин басма сөз кызматы 22-октябрда билдирди.
Быйыл форум СССР эл артисти, Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналат.
“Үмүт” жыл сайын өткөрүлүп, жаңы режиссерлордун ысымдарын ачып, КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кинематография жана маданият мамилелерди өнүктүрүп, жаштарды жаңы бийиктиктерге чакырып келет.
Форумдун алкагында кыска метраждуу, көркөм, даректүү тасмалар конкурстук негизде көрсөтүлүп, ар кыл дискуссиялар, мастер-класстар өткөрүлүп, киносынчылар жана кинорежиссерлор менен жолугушуулар болмокчу.
Форум Мамлекет аралык гуманитардык кызматташуу фондунун, Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Кономатография департаментинин колдоосу менен өткөрүлөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ