Menu

Душанбе ТВЕА компаниясын кошумча нарк салыгы менен бажы төлөмдөрүнөн бошотту

Бөлүшүү:

Тажик өкмөтүнүн чечими менен ТВЕА кытай компаниясы алтын казуу үчүн керектүү жабдууларды, техникаларды алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулду.

ТВЕА компаниясынын эсеби боюнча «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» кендеринде аныкталган алтындын кору 52 тоннага жакын, дагы 120 тоннага чукул алтындын запасы изилдене элек.

Душанбе карыздарынан кутулуу менен бирге инвестиция тартуу максатында пайдалуу жер казыналарын кытай компанияларына өткөрүп берген. Маселен, «Душанбе-2» жылуулук электр борборун куруу үчүн Кытай жогорудагы алтын кендерин алган.

Келишимге ылайык, ТВЕА «Чыгыш Дуоба» жана «Жогорку Кумарг» алтын кендерин «Душанбе-2» ЖЭБинин чыгымдарын жапканга чейин казат. Бул долбоордун жалпы наркы 349 миллион доллар, анын ичинен 17,4 миллионун гана тажик өкмөтү өз мойнуна алган.

Тажикстанда алтындын 80% кытай-тажик биргелешкен ишканалары казат. Алардын арасында Согдидеги «Зарафшон», Ромиттеги «Пакрут» кендери да бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: