Menu

“Чоң-Туз” Байтерековго бабасынан калды беле?

Бөлүшүү:

Кочкор районуна караштуу Туз айыл аймагында жайгашкан «Чоң-Туз» шахтасы жөнүндө  Кочкор районунан бир катар тургундары байланышка чыгып «Чоң-Туз» шахтасы мамлекеттин эмес, кара башыл бир адамдын жеке менчиги экендигин баса белгилешип, аларды мактагандын ордуна аталган шахтаны мамлекеттин менчигине өткөрүү демилгесин көтөрсөк элдин алкышына ээ боло турганыбызды айтып өтүштү.

Көрсө, айрым адамдар ар кандай амал менен жалпы элдин орток байлыктарын жеке менчиктерге өткөруп алышканда, «Чоң-Туз» шахтасы дагы көпөстөрдүн колуна өтүп кеткен экен. Бирок, мамлекет башына элди ойлогон адамдар келе баштаганы андай өзүмчулдөрдүн тизгинин тартып, эл байлыгын мамлекеттештирүү жүрүп эле жатпайбы. Маселен, Кочкор районунда жайгашкан айтылуу «Чоң-Туз» шахтасы дагы учурда бир кишинин менчиги экендигин жогоруда айтып өттүк. Ээси ким деп тактап көрсөк, бир учурда: “Кочкор районунун акимдигин 100 миң долларга сатып алгам” «Омбудсмен деген эмне болгон фирма” – деген сөздөрү менен жалпы журтка шерменде болгон аталган райондун экс-акими Курманбек Байтереков менчиктеп алган экен. Туз чыккан кендин өзү 80 гектар жерди ээлейт. Жергиликтүү эл малына тузду сатып алышат, бир килограммын 8 сомдон. Керек болсо Кочкорлуктар кара тузду бекер пайдаланышы керек эле да. Мына ушундай элдин байлыгын кара башыл бир адамга менчиктеп берип коюп олтура беребизби? Элдин байлыгын элге кайтарып, «Чоң-Тузду» толугу менен мамлекетке алганга неге болбосун? Же чала сабат деп айтылып жүргөн Байтерековдон коркушабы?! Ушул маселеге батыл киришип туз чыккан шахтаны мамлекеттин менчигине алдыруу маселесин көөрбөйлүбү?

Амантур Мусагул уулу

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: