Menu

Элчи Аликбек Жекшенкулов Башкортостандын башчысы менен жолугуп, тараптар кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Жекшенкулов Башкортостандын Башчысы Р.Ф. Хабиров менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты, айыл чарба тармагындагы кызматташуу маселелери, сактала турган кымыз өндүрүү, отун-энергетикалык тармакты өнүктүрүү, “Евразия” оюндарында Кыргызстандын жаштарынын катышуусу, 2020-жыл – кайчылаш жылдын алкагында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү,  ошондой эле “акылдуу шаар”, “акылдуу Өкмөт” программаларын ишке ашырууда башкыр тарабынан көмөк көрсөтүүсү тууралуу маселелер талкууланды.

19-20-октябрда Башкортостан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында А.Жекшенкулов Башкортостандын Эл акыны Мустай Каримдин 100 жылдыгына арналган салатанаттуу иш-чараларга, М.Каримдин эстелигине гүл коюу аземине катышты.

Башкыр элинин сыймыктуу уулу М.Каримди эскерүү реквием -митингинде сүйлөп, Элчи бул улуу майрам Евразиянын даңктуу уулдары Мустай Карим менен Чынгыз Айтматовдун бекем достугунун улантуучусу бардык евразиялыктарды бириктирди деп белгиледи. Даңазалуу эки жазуучу адамарга ак ниеттүүлүк, тынчтык, ынтымак тартуулаган планетардык масштабдагы улуу инсандар болуп саналат.

Ошондой эле Элчи Уфа шаарынын жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан студенттер, аймакта жашап, иштеп жатышкан мекендештер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту (Башкортостан Республикасынын жогорку окуу жайларында 100дөн ашуун кыргызстандык студент билим алышат). Жолугушууда Элчи Кыргызстандагы аыркы саясий, экономикалык абал, КРнын жетекчилигинин мекендештерди колдоо боюнча жүргүзүп жаткан саясаты, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо алкагындагы Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: