Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы директору, КРнын эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев ММКлардын бирине маек берип, Раимбек Матраимов жөнүндө күдүң сөздөргө чекит коюу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, бийлик Матраимов жөнүндө болгон толук маалыматты коомчулукка ачык чыгарып койсо эле, эл тынчып калат экен.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 19-октябрында президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө тапшырма берерин айткан. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызмат быйыл, январдан баштап текшерүү жүргүзө баштаган. Р.Матраимовдун жана анын туугандары менен жакындарынын мүлкү Кыргызстанда катталганы айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча кошумча салыктар салынып, мамлекеттик бюджетке төлөтүп алынган. Эми республиканын сырткары жактагы мүлкү текшерилип, тийиштүү каттар жөнөтүлгөнү белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ