Menu

Мактанбай кайрымдуулукка жумшап койсо болбойбу?!

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Бактыбек Райымкулов деген депутаты бар. Жерлиги Чүйдүн Кара-Балтасынан. 2012-2015-жылдары Панфилов районунда аким болгон.

2015-жылы Бабановдун партиясы менен ЖКга депутат болуп келген. Андан бери 4 жыл өтсө да парламентте өзүн татыктуу көрсөтө алган жок. Бирок ошого карабай өзүн көрсөтүү аракетин кылып, парламентте көтөрүлгөн маселелердин ар бирине өз ою туура же туура эмес болсо да туура калып кол көтөрүп айта салмайды абдан өздөштүргөн. Ошондон улам популист депутаттардын катарынан ардактуу орун алган. Чынында бул депутат өзүн укмуш акылдуу, кыйын сезет. Амбициясына чек жоктой… Жыл сайын өзүнүн туулган күнүндө туулган айылында миллиондогон каражат чачып, оюн-зоок өткөрүүнү салтка айлантып алган. Улуттук оюндарды өткөрүп, баалуу байгелерди коюп, өзүнө карата айтылган мактоолорго манчыркаганды абдан жакшы көрөт. Райымкулов бул ирет дагы туулган күнүндө оюн-зоокторго 30 автоунаа сайып, болушунча сайрандады. Көңүл ачуу, максатсыз, ушундай майда ишке сарпталган миллиондорду жардамга муктаж адамдарга кайрымдуулук катары берсе, элге да, Кудайга да абдан жаккан иш болбойт беле… Же Бактыбек мырзанын бар деңгээли ушундай байлык, көңүл ачуу, мактануу менен эле чектелгенби? Шайлоого жакындап калганда элге алынуу амалыбы? Эл деле азыр мындай мактанчаактардан тажап бүттү. Баса, бул мактануу Матраимовдордун кланынан жуккан оору эмеспи деги?

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: