Чүй облусунун Сокулук районундагы «Манас» аба майданынын машина токтоочу жайынан изделип жаткан 39 жаштагы К.Хнын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда ОИИББ билдирди.
Алардын маалыматына караганда, эркектин жансыз денеси токтоочу жайда токтоп турган машинанын багажынан табылган.
«Кечээ, 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Ал арызына кечки саат 21:20до «Манас» аба майданы тарапка кетип, кайтпай калган тууганын табышууга жардам сурап жазган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ошол замат милиция издеп, изделип жаткан адамдын (39 жаштагы К.Хнын) сөөгүн машинанын багажынан табышты. Анын денесинде зомбулуктун белгиси аныкталды», -дейт ОИИББ.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ