Menu

Азамат Арапбаев, ЖК депутаты: “Казакстан бизге бензинди пошлинасыз берсе, биз аны Ооганстанга же Тажикстанга реэкспорт кыла албайбыз”

Бөлүшүү:

– Азамат Абдуллажанович, Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев Кыргызстанга жанар майды экспорттоо маселесине токтолуп, «биз кимдир бирөөлөргө демөөрчү болбойбуз» деди. Сиз буга кандай комментарий берер элеңиз?

– Эгер Казакстан бизге бензинди пошлинасыз берсе, биз аны Ооганстанга же Тажикстанга реэкспорт кыла албайбыз. Казакстандын министри ошону айтты. Биз башка өлкөлөргө сата турган болсок, алар сөзсүз түрдө пошлина киргизет. Бүгүнкү күндө үчүнчү мамлекеттерге сатканга нефти иштетүүчү заводдордун: Джунданын жана Жалал-Абад нефти иштетүү заводунун гана укугу бар. Эмнеге дегенде, алар жергиликтүү нефтини колдонот. Продукция даяр болгондон кийин аны кааласа ички рынокко сатат, кааласа сыртка экспортко чыгарат. Эгер биз Казакстандан нефти алсак, анда сөзсүз түрдө «иштеткенден кийин Кыргызстандын ички рыногуна сатабыз, же Тажикстанга, Ооганстанга сатабыз» деп айтышыбыз керек. Алар ошого карап, же пошлина коёт же койбойт.

– Биз канчасын ички рынокко колдонуп, канчасын сыртка сатып атканыбызды алар кайдан аныктайт?

-ЕАЭБдин келишимдери бар. Ички рынокко колдонулуп жатабы, же сыртка кетип атабы – аны бажы көзөмөлдөйт.

– Казакстандын бензини биз Россиядан алып жаткан бензинге салыштырмалуу кымбат. Ошондуктан, «кошуналар менен макулдашып, бензинди Казакстандан эле алсак болбойбу?» деген көз караштар бар. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

-Жанар май Казакстандын өзүндө тартыш. Бензин жетиштүү болгону менен дизель отунун алар деле чоң көлөмдө Россиядан алышат. Андыктан, алабыз деген күндө деле Казакстан бербейт. Себеби, Казакстанда элди мамлекет дотациялап жатат. Ички рынокко акцизди аябай төмөн койгон. Ошон үчүн аларда баасы арзан.

– Анда дизель отунун Россиядан гана алат турбайбызбы?

– Ооба. Казакстан менен да келишим түзүү боюнча бир жылдан бери сөз болуп жатат. Бирок, келишимге кол коюла элек. Алар бизге берген күндө дагы, келишимдеги 100 миң тонна биздин керектөөнү жаба албайт.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: