Жала-Абаддын Базар-Коргон раойнунда болгон мындай жагдайды 24-октябрда облустук ооруканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10 киши консерва салатына ууланган. Бардыгы Базар-Коргон айылынын тургундары экен. Алар жердешинин пахтасын 2 күн бою тергенге жардам беришкен. 18-октябрда түштөнүү маалында кышкы салаттан жешкен экен. 20-октябрда бардыгы ооруканага кайрылып олтурушат.
“Бизге 8 киши келип түштү. Аларга ботулизм диагнозун койдук. Алардын экөөсү – 45 жаштагы аял менен 11 жаштагы кызы жандандыруу бөлүмүнө түшүштү. Азыр аялдын абалы жакшы. Эртең инфекция бөлүмүнө которулат. А кичине кыз өз алдынча дем алалбай жатат, жасалма жол менен дем алдырып жатабыз. 6 киши инфекция бөлүмүндө. Абалдары жакшы болуп калды”, – дейт райондук ооруканынын башкы врачынын орун басары Данакан Артыкбаева.
Дагы 2 киши облооруканада дарыланып жаткан убагы. Алар пахта талаанын небереси менен келини экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ