Бүгүн, 25-октябрда Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүлгөнүнүн 10 жылдыгын белгилеп жатышат.
Иш-чарага Мамкаттоонун жетекчиси Алмаз Мамбетов, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Президент аппаратынын стратегиялык өнүгүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировдор катышууда.
Меймандар сөз сүйлөп, видеоролик көрсөтүлүп, чох концерттик программа болот.
Иш-чарада аталган кызматтын 10 жыл аралыгындагы жетишкендиктери, электрондук технологиялардын киргизилиши, шайлоолордо биометрикалык маалыматтар пайдаланганы, бизнес үчүн тейлөө жеңилдегени, транспорт реестринин киргизилгени айтылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ