Menu

КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан 2020-жылдын 14-июлунда жарыяланган бош иш орундары боюнча маектешүү өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-октябрда КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан 2020-жылдын 14 июлунда жарыяланган 34 вакансиянын 16 бош оруну боюнча аңгемелешүү болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда КРнын Юстиция министирлигинин алдындагы Пробация департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Бош мамлекеттик административдик кызмат орундарына тестирлөө ушул жылдын 16-сентябрынан 22-сентябрына чейин Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөрүлгөн.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Пробация Департаменти конкурстук комиссиянын отурумун өткөрүп, төмөнкү кызмат орундарына талапкерлер менен жолугушту:

— Борбордук аппаратка: пенитенциардык пробация бөлүмүнүн башкы адиси жана адиси, ошондой эле окуу-методикалык бөлүмүнүн башкы адиси.

— Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгына: Бишкек шаарынын Свердлов районунун адиси, Чүй облусунун Сокулук районунун адиси, Жайыл районунун жетектөөчү адиси жана адиси, Москва районунун жетектөөчү адиси, Кемин районунун жетектөөчү адиси, Аламүдүн районунун адиси.

— Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгына: пенитенциардык пробация боюнча жетектөөчү адис, Ош облусунун Өзгөн районунун адиси, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жетектөөчү адиси жана Аксы районунун жетектөөчү адиси, Баткен облусунун Кадамжай районунун жетектөөчү адиси.

Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен 15 конкурсант кызматка дайындоого сунушталган.

Сурап-билүү телефону: +996 559 177 885 – кадрлар секторунун башкы адиси А.О. Усманов.

#probationkg #probation #probation_vacancy

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: