Menu

Сооронбай Жээнбеков: Жол инфраструктурасын өнүктүрүү — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн транспорт жана жол тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу транспорт жана жол тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Автомобиль жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм. 

Жол жана транспорт — өлкөбүздүн экономикасында жана коомдук турмушунда өтө маанилүү ролду ойнойт. Жол инфраструктурасын өнүктүрүү — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздер менен жыл сайын жаңы жолдор, көпүрөлөр салынып, транзиттик маршруттар ачылып, транспорттук туңгуюктан чыгуу көйгөйү акырындап чечилип жатат. 

Аба ырайынын татаал шарттарында да жүргүнчүлөргө сапаттуу жана коопсуз кызмат көрсөтүүнү,  экономикага зарыл жүктөрдү ташууну камсыз кылып келесиздер.

Алдыда дагы көп иштер, анын ичинде ири долбоорлорду ишке ашырууга арналган милдеттер күтүп турат. 

Күн сайын өсүп жаткан трафиктин шартында жолдордун ресурсун жана алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө багытталган жаңы технологияларды киргизүү зарыл.

Сиздер бул милдеттерди татыктуу ишке ашырасыздар деп ишенем! 

Урматтуу автомобиль транспортунун, жол чарбасынын кызматкерлери жана  ардагерлери! 

Дагы бир жолу сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.

Сиздерге бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалайм».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: