Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жыйынында эл өкүлдөрү өкмөт мүчөлөрүнө карата каарын төгүштү. Өкмөт мүчөлөрүн баштап келген вице-премьер министр Дайр Кенекеев баш болуп сууга түшкөн чычкандай эле шөмтүрөштү. Депутат Карамат Орозова вице-премьер Дайр Кенекеевден аймактардагы социалдык жөлөк пул берүүдөгү коррупциялык иштер тууралуу сурап кызыкты. Депутат бул багытта канча кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылды деген суроону узатты. Бирок суроосуна жооп ала алган жок. Натыйжада, нааразы болгон депутат «Баяндамачынын эмес, менин бул тууралуу маалыматым бар», – деп баш чайкаганга аргасыз болду. Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров ИИМдин өкүлдөрүнө карата сын айтып, кылмыштуу топторго каршы күрөшүү иштери эффективдүү жүрбөй жатканын белгиледи. Жыйынтыгында өкмөттүн отчетун канааттандыраарлык эмес деп табышты.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ