“Бийлик басым жасаганына карабай, “Үмүт 2020” саясый кыймылы шымалана иш баштоого даяр. Ширин Айтматова жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу чыкпай жатты. Эми кыймыл кайрадан ишин улантып, иликтөөлөрүн жарыялап турат”, – деп 8-январда кыймылдын өкүлү Нурсултан Акылбек айтып чыкты.
Анын айтымында, экс-депутат Ширин Айтматова майрамдарга байланыштуу эле чыкпай калган.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 27-декабрында Айтматова Твиттердеги баракчасына эгерде жолдошун жайына коюшса, мындан ары эч нерсе жазбай тургандыгын билдирген. Бир нече сааттардан кийин баракчасын, твиттер-аккаунтун караманча өчүрүп салган эле.
Ал эми кийинчерээк Кыйноолорду алдын алган улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов Айтматованын абактагы жолдошуна кирип чыгып, Сыргак Кенжебаев кармалган шартка арызданбаганын, ага карата күч колдонулбаганын айткан.
Соцтармактын кээ бир колдонуучулары Ширин Айтматовдун “жоголуп” кеткенин бийликтин басымы менен байланыштырышкан. Бирок 13 күндөн кийин, бүгүн, 8-январда Ширин Айтматованын Твиттердеги баракчасы кайрадан калыбына келтирилип, активдүү боло баштады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ