Menu

Жылдыз Жолдошева, экс-депутат: “Коррупционерлерди каматпай, кустуруш керек”

Бөлүшүү:

– Жылдыз эже, Унааларды каттоо жана айдоочулукка күбөлүк берүү департаментинин Бишкектеги башкармалыгынын башчысы Насирбек Алмаматов ири суммадагы пара алганы үчүн 12 жарым жылга кесилип, бирок 3 миллион 300 миң сом айып пул төлөгөнү үчүн эркиндикке чыкканы маалым болду. Коррупционерлер айып төлөсө эле эркиндикке чыга берсе, коррупцияга каршы күрөштү солгундатып койбойбу?

-12 жарым жылга кесилип, бирок 3 миллион 300 миң сом төлөп, жазадан кутулгандын бир жагы туура. Коррупционерлерди каматпай, кустуруш керек. Бирок, ушул сумма туурабы, кеп ошондо. А балким ал мамлекетке келтирген чыгым мындан көптүр же аздыр. Ошон үчүн эксперттер төлөмдү так эсептеп чыгарышы керек. Айтайын дегеним, коррупционерлерди кустуруп, ошондой эле экинчи мамлекеттик кызматка келе албачудай, саясий иштерге аралашпай турган кылып жазаласак туура эле болот.

– Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовдун жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын орун басары Эмил Жамгырчиевдин Кытайдан ташылып келген өрдөк этинде аты аталып, аны ташып келаткан ишкерди жазадан куткаруу үчүн 50 миң пара алышканы айтылып жатат. Булар мыйзам чегинде жооп береби же маселени жең ичинен чечип кетишеби?

– Маселе мыйзам чегинде чечилсин деген үчүн өкмөт башчы Бакыт Калмуратовду “адилеттүү тергөө жүрсүн” деп кызматынан четтеткендир. Бирок, контрабандалык жол менен товар ташып, мамлекетке салык төлөгөндөр азайганы кашкайган чындык. Азыр чынында эле контрабанда күч алды. Биз Бажы союзуна киргенде Россиянын, Казакстандын кайсыл завод, фабрикасы болбосун Кыргызстанда өкүлчүлүктөрү иштеп келген. Алардын гана ошол товарларды биздин республикада сатуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Алар НДС, салыктардын баарын төлөчү. Бажы союзуна киргенден фискалдык органдар контрабанда менен күрөшө алышпай, иштеринен майнап чыгарбай жатат. Ошон үчүн контрабанда ооздукталбай, күч алууда. Ошондуктан, НДС төлөгөн завод, фабрикалардын өкүлчүлүктөрүнө өкмөт өзгөчө көңүл буруп, ошолорго шарт түзүп бериши керек. Мындай сунушту айтып, контрабанданы жою боюнча арыз жаздым. Анткени, баарыбыз кийлигишип, контрабанданы жоё алсак, бюджетке жакшы эле акча түшмөк. Бирок, ошону жасай албай жатабыз.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: