Menu

Майрам Сулайманова: “Ээн баш соттордун “өзүм билемдигинен” – бирөө жеке менчигинен ажырап, экинчиси – анын жеке менчигин чеке тердетпей менчиктеп, олжолоп алса боло береби?”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Президенти С. Ш. Жээнбековго

Бишкек ш. Ленин районунун Л. Толстой көчөсүндөгү 2-«В»

үйдүн 30-квартирасынын жашоочусу Т. Чалбаеванын энеси,

Чүй районундагы Кош-Коргон айылынын

№ 1 МТФсы жайгашкан жердин жашоочусу

М. Ж. Сулаймановадан

Арыз

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович, менин Сизге бул арыз менен кайрылып жаткандыгымдын себеби төмөндөгүчө:

Мен, Сулайманова  М. Ж. кесибим — педагог, айылдык мектепте көп жыл иштеп балдарды окуттум. Азыр пенсиядамын. Жолдошум Чалбаев Акмат менен Бишкек шаарындагы Л. Толстой көчөсүнүн 2-«В» үйүндөгү № 13-квартирада жашачубуз, жолдошум өмүр бою Ички иштер министрлигинин жана Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын структураларында иштеп жүрүп пенсияга чыккан. 2013-жылы инсульт алган. Көптөгөн дарылануулардан кийин, ага тынчыраак болсун деп, өзүбүздүн айлыбыз Кош-Коргонго көчүп кеткенбиз. Эки эркек бир кызды колдон кели-шинче тарбиялап өстүрдүк: Билим алгыла, бирөөгө жамандык кылбагыла, чоочун кишилердин эч нерсенсин албагыла, каргышка каласыңар — деп.

Улуу балабыз — Чалбаев Улан окууну бүткөндөн баштап, Башкы прокуратурада жакшы эле иштеп келаткан. Бирөөнүн буюртмасыбы же көрө албастардын кылганыбы, негизи — ГКНБнын кызматкерлеринин атайылап кылган иштеринин натыйжасын-да 2018-жылдын апрель айынан бери ГКНБнын агенти, Башкы прокурор Жолдубаеванын улуу жардамчысы Полотовдон пара алды — деген жалаа менен камакта. Иштин сотко өткөнүнө бир жылдан ашты. Ошондон бери сот кыймылдабайт, азыркыга чейин анын көрсөтмөсүн уга да элек. Кебетеси ал жогору жактан команда же бир нерсе күтүп жаткандай. Совет мамлекетине кол салган немецтик фашисттерди деле эл аралык сот, 9 айга жеткизбей Нюрнбергде соттоп бүтпөдү беле?

Биздин билишибизче Улан камактан чыгыш үчүн, ал башка бирөөгө жалган болсо да бир жамандык кылып өзүн акташ керек экен. Негизи мындай ыплас иштин арты жакшылык алып келбесине түшүнгөн уулум — олтурат. Же атайын кызматтын балдарынын алган парасын жабам деп, Полотовго окшоп бирөөнү жалган болсо да атайылап салып берип, анын убалына калыш керекпи? Уулум мындай ишке барса, накта акмакчылык болот го, урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти.

Менин уулум Уландын бирөөдөн пара талап кылды — деген шекке мен эч качан ишенбейм, анткени ал жаш кезинде — Кудайга шүгүр, колунда оокаты бар үй бүлөөдө чоңоюп өскөн. А түгүл, мени ири суммага алдап кеткен келинди жоопко тартканга жардам бер — десем, эл укса уят болуп калам, бул кызматта туруп — деп өз учурунда болбой койгон.

Менин сизге кайрылуумдун башкы себеби: Кызым — Чалбаева Таттугүл мур-да биз жашаган көп этаждуу үйдүн 30-квартирасында жолдошу Урманаев Эрлан экөө эки эркек, эки кызды тарбиялап, өз алдынча оокаттарын кылып келе жатышат 2012-жылдын аягында кызым Таттыгүл менен университетте беш жыл чогуу окуп, дос болуп жүргөн кызы — Сартова Айгерим Таштанбековна менин кызыма келип: Менин апам «Дордойдо» башкы бухгалтер, тааныштары көп, четтен товар алып келип сатат, товар алганга апама тезинен акча керек экен. Ал экөөбүзгө жардам берет, чогуу бизнес кылабыз — деп айтыптыр. Эч жамандык ойлобогон кызым Таттугүл бул жөнүндө мурда мага айткан болчу. Мен: Ойлонуп иш кыл, алданып калбагын — дегем.

Кудайдан коркпогон Сартова Айгерим, кызыма тил кат берип 2012-жылдын 29-ноябрында – 18 000 доллар, 2013-жылдын 10-январында — (16 000+15 000) 31 000 доллар, 2013-жылдын 15-апрелинде –25 000 доллар, 2013-жылдын 18-апрелинде — 20 000 доллар, 2013-жылдын 5-майында –10 000 доллар, 2013-жылдын башында датасы кызымдын эсинде жок) — 5 000 (1 000+4 000доллар) жалпы суммасы 109 000 доллар алганын билем.

Таттугүл ал 53 000 долларын — жолдошу Эрлан аркылуу анын ата-энелеринен –38 000 доллар, «Ысык-Көл» коомдук фондусунан 20% менен берем деп — 15 000 долларды карызга алыптыр.

Жогоруда аталган акчалардын — 52 000 долларын кызым Таттугүл үч жолу мага келип (17 000 доллар+25 000доллар+10 000 долларды) алып кеткен. Таттугүл Айгеримге берген акчаларына тил кат (расписка) алган.

Андан тышкары, 2013-жылдын 7-февралында кызым Таттугүл, Сартова Айге-рим экөө мен жашаган Толстой көчөсүндөгү 2-В үйүмө келип, Айгерим 30 000 доллар сурап жатат, апасы тезинен товар сатып алыш керек экен, берип турасызбы? — дегенинен 30 000 долларды Айгеримге берип, «30 000 доллар алдым» — деген тил кат алып калгам. Менин жана кызым Таттугүлдүн бул аракеттери КР Жарандык кодексинин 725–730 ст. талаптарына (24-июль 2013-жылы өзгөртүү киргенге чейин) ылайык жасалганын жакшы билем.

Сартова Айгерим кызымды кызыктырыш үчүн, адегенде алган акчалардын проценти деп ага акча берген экен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, кызым мага бир нече жолу келип: Сартова Айгерим акчаларды бербей качып жүрөт, табалбай жатам же телефону жооп бербейт — деп даттанган.

Акыры кызым Таттыгүл А. Сартованы 2014-жылдын 6-июнунда издеп таап, карызды бергин — деп сураса: «Товарлар өтпөй жатат, жакында берем» — деп 24 000, 28 000 жана 95 500 доллар, баардыгы — 147 500 доллар, анын ичинде — 139 000 доллар негизги карыз, 8 500 доллар проценти деп, 3 тил кат берип, алдап узатып жибериптир.

Сартова Айгерим 2015-жылдын 11-майында кызым Таттугүл менен акыркы жолу кезигип, акчаңарды жакында берем, процентиңди төлөй албайм — деп 53 000, 52 000 жана 34 000 доллар, баардыгы — 139 000 доллар берем — деп үч тил кат берип, качып кетип — жок. Жашаган жерибиз боюнча милицияга кайрылсак, ишти сотко бергиле — деп жазуу түрүндө жооп бергенинен, Таттугүл жолдошу Эрлан экөө 2017- жыл-дын 9-февралында Сартова Айгеримге берген өздөрүнүн акчаларын, мен берген акчаларды чогуу өндүрөбүз — деп адвокат жалдап, Ленин районунун сотуна кайры-лышкан.

Жоопкер Сартова Айгерим мурда Биринчи Май райондук сотунда судья болуп жүрүп көптү көргөн Тилекеева Аида деген шум аялды адвокат кылып алыптыр. А. Тилекеева Бишкек шаарындагы соттор менен мурда коллега болуп жүргөндүктөн, ишти мен мындай бүткөрөм, сен арызыңды мындай жаз, мындан отказ бер — деп, юридикалык билими жок кызым Таттугүл менен анын адвокатынын башын айландырып жатканын сезип калып, кудабыз С. И. Урманаевге билдирдим. Ал тезинен келип ишти тактай баштаганда, адвокат А. Тилекееванын кыңыр иштери чыга баштады.

Сотко берген документтер чала болуп калыптыр, тактап кайра беребиз — деп доо арызды чакыртып алуу боюнча сотко арыз жазсак, адвокат Тилекеева судья менен өз ара келишип алып, ишти азыр бүтүртүп салыш керек — деп, сотто ызы-чуу салды. Кызым Чалбаева Таттугүлдүн доо арызын кайтарып алганына карабай, адвокат А. Тилекеева: «Т. Чалбаева бербеген акчаларына куру тил кат менен жалаа жаап, акча доолап жатат» — деп зөөкүрлөнүп, кызымдын кайра кайтарып алган доосуна каршы доо арыз жазды. Сот жыйынында А. Тилекеева С. Урманаев менен айтыша кетип: «Мен силер менен иштеше албайм, кийин көрүшө жатабыз» — деген сөздөрдү айтканы 2017-жылдын 22-июнунда Ленин райондук сотунун (Жумабаева Ж.) протоколунда жазылган. Соттук териш тирүүлөрдө биз бир нече жолу сотко: «Акча алган жоопкер А. Сартова сотко катышсын, тактай турган маселелер көп» — деген өтүнүчүбүздү судья кабыл албай койду. Соттук териштирүүнү судья Жумабаева Ж. жүргүзбөй эле адвокат Тилекеева А. жүргүзүп, анын айдагы менен, сот кызыма жок жерден 656 562 сом пошлина төлөөгө чечим чыгарып койду.

Бул чечимге карата Бишкек шаардык сотуна даттануу келтирсек, шаардын соту Ленин райондук соттун чечимин өзгөртүп, 656 562 сомдун ордуна 4 200 сом мамлекеттик пошлина төлөө чечимин чыгарып, калган бөлүгүн өзгөртүүсүз калтырды. Жалпысынан калыс чечим болбосо да, айла жок тим койдук.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович, Сартова Айгеримдин менден жана менин кызым Чалбаева Таттугүлдөн алган 139 000 долларды өндүрүп алуу үчүн, А. Сартова үч убакта берген тил каттарын тактап, доо арызды 2017-жылдын 30-июнунда кайрадан сотко бердик.

Судья (Сулайманова С. К.) доо арызыбызды 2017-жылдын 27- сентябрында ка-рап, менин доо арызым боюнча сотко берүүнүн 3 жылдык мөөнөтү өтүп кеткен — деп куулук кылып мыйзамсыз аныктама чыгарып, ишти кыскартып койду. «Куулук кылып» — дегеним 2017-жылдын 1-июлунан баштап, КР жаңы Жарандык-процесстик кодекси колдонулууга кирип, доогерлер экономикалык, жарандык иштер боюнча доонун 10 процентин мамлекеттик пошлина катары алдын ала төлөшү керек болучу. Мындай чоң пошлинаны алдын ала төлөп, сооттордун адилетсиз чечимине даттануу келтириш-ар бир эле жарандын колунан келе бербейт экен. Ушул жагдайды пайдаланып, кээ бир С. К. Сулаймановага окшогон ыймансыз соттор өздөрүнүн жан тарткан адамдарына, адилетсиз чечимдерин чыгарып жатышканын көп эле көргөм.

Менин жазган жекече даттануумду Бишкек шаардык соту (Бейсекеев Э. Т., Скрипкина И. И. жана Толубаева Б. М.) ишти кароо мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйөө менен канаатандырбагандыктан, кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылдым. Ишти караган жогорку сот, шаардык соттун аныктамасын жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн шаардык сотко берди. Шаардык сот (Манжиева А. Ж., Садыкова Г. С. жана Досмамбетов А. А.) ишти 2018-жылдын 2-августунда карап, райондук соттун аныкта-масын жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Ленин районунун сотуна жиберди.

Райондук сот (А. Сейдакматова) ишти кароодон мурда, доогердин арызынын өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчүн карап, мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартканы аз келгенсип, мага 209 550 сом мамлекеттик пошлина төлөнсүн — деген чечим чыгарып койду.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, соттун ишти маңызы боюнча карабай туруп чечим чыгарганын кандай түшүнсө болот? Соттор КР Жарандык-процесстик кодекстин 224-ст.1-п. негизинде аныктама эле чыгарыш керек эле да?..

Бул чечим — мыйзамсыз, мөөнөт өткөн эмес, калыстык жок — деп, мен төлөй турган 10% мамлекеттик пошлинаны кийинкиге жылдырып бергиле — деп, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрадан кайрылдым. Бишкек шаардык соту (Кудайбергенов А. Н., Илиязова Н. А., Досмамбетов А. А.) 2019-жылдын 1-февралында ишти биздин катышуубуз жок эле ишти карап: «Мамлекеттик пошлина төлөөнү кийинкиге жылдыруу үчүн доогер материалдык жактан өзүнүн муктаждыгын далилдеген жок» — деп, райондук соттунун чечимин күчүндө калтырып койду. Бул кандай: Бир жагынан мен жолдошум экөөбүз пенсияда болсок, экинчи жагынан жолдошум Чалбаев Акмат 2014-жылы алган инсульттан кийин дайыма врачтын көзөмөлүндө болуп, менин жардамым менен күн өткөрүп жатса?

2019-жылдын 1-апрелинде КР Жогорку соту (Ч. И. Садырова, П. Жумагулов, Мельникова М.) ишти карап, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Сотторго айла жок экенине ошондо дагы бир жолу ынандым.

Кудай жалгап, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2019-жылдын 16-январында Кыргыз Өкмөтү койгон мамлекеттик пошлинанын төлөмдөрүнүн ченемдери Конституцияга каршы келет — деген чечим чыгарганына байланыштуу, мага салынган мамлекеттик пошлинанын ченемин азайтып бергиле, пошлинаны төлөй албай арыздана албай жатам — деп жаңы ачылган жагдай боюнча кайрадан Ленин райондук сотуна кайрылдым. Ишти 2019-жылдын 11-июлунда караган «эски тааныш» судья Ж. Жумабекова Кыргыз Өкмөтү жаңы койгон мамлекеттик пошлинанын ченемдери 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргенине байланыштуу — деген жүйөө менен арызымды канаатандырбай койду.

Мен соттун бул аныктамасына карата жекече даттануу келтирип кайрадан Бишкек сотуна кайрылдым. Бишкек соту (Б. М. Толубаева, А. Ж. Манжиева, М. Б. Жээнбекова) ишти 2019-жылдын 5-сентябрында карап, адатынча жекече даттанууну канааттандырган жок.

Мени таң калтырганы — 2019-жылдын 16-январында КР ЖС Конституциялык палатасы кабыл алган токтомдо Кыргыз Өкмөтү койгон мамлекеттик пошлинанын төлөмдөрүнүн ченемдери Конституцияга каршы келет — деп так, даана жазылып турса дагы, ал эми 2019-жылдын 26-июнунда КР ЖС Конституциялык палатасы кабыл алган токтомдо КР Административдик-процесстик кодексинин 271-ст. негизинде ишти жаңы ачылган жагдай боюнча кароо — жарандардын өз укугун коргоодо болгон жападан жалгыз мүмкүнчүлүк.

Соттор ишти терең талдап, адам укугун бузган чечимдер КР Конституциясынын 5-ст. 5-бөлүгүнүн 3 жана 8 пункттарына ылайык, өтүп кеткен мөөнөтүнө карабай кайта каралышы керек — деп жазылып турса да, аны окубаган сотторго айла жок экен!

Урматту Президент Мырза, жогоруда айтылгандай, кызым Т. Чалбаеванын доо арызын сот (Сулайманова С. К.) 2017-жылдын 27-сентябрында карап, доону жарым жартылай канаатандырып:

— Сартова Айгеримден кызым Т. Чалбаеванын пайдасына, 7 190 217 сомдун ордуна

2 972 878 сом өндүрдү;

— Сартова Айгеримден 297 288 сом мамлекеттик пошлина өндүрдү;

— Чалбаева Таттугүлдөн 421 734 сом мамлекеттик пошлина өндүрдү.

Соттун Чалбаева Таттугүлдөн мамлекеттик пошлина өндүргөндүгүнүн себебин, Сартова Айгерим Чалбаева Таттугүлгө 61 000 доллар берген — деп түшүндүрдү. Соттун мындай мыйзамсыз чечимин жокко чыгаруу үчүн Кыргыз Өкмөтү койгон чоң суммадагы мамлекеттик пошлинаны төлөш керек болду. Аны төлөөгө чамасы жок, көп балалуу Т. Чалбаева, апелляциялык, кассациялык арыздарына тиркелген пошлинаны төлөөнү кийинкиге жылдыруу өтүнүчтөрүн соттор Т. Чалбаеванын катышуусу жок кабыл алынган аныктамалары менен чектелип, апелляциялык датанууларды такыр карабай, биздин ишти каалагандай кылып тегеретишти.

КР Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 16-январындагы токтомунда: Мамлекеттик пошлинанын мурдагы төлөмдөрүнүн ченемдери Конституцияга каршы келет, 2019-жылдын 26-июнундагы токтомунун негизинде, КР Административдик-процесстик кодексинин 271-ст. талаптарына ылайык, ишти жаңы ачылган жагдай боюнча кароо мөөнөтүнө чек коюлбайт. Анткени жарандардын укугун коргоодогу жападан жалгыз мүмкүнчүлүк — жаңы ачылган жагдай — деп турса да, соттор аны карабай коюшту, же түшүнгүлөрү келген жокпу — белгисиз?..

Кыргыз Өкмөтүнүн пошлина боюнча кабыл алган токтомундагы: 2019-жылдын 1-январынан баштап — деп, чектин коюлушу да натуура болуп, адам укугунун бузулушуна алып келип жатат. Өкмөт Конституциялык палатанын чечимин аткарыш керек да. Муну КР Жогорку Кеңеши же КР Президенти оңдобосо болбойт го?

Урматтуу Президент, бүгүн Кыргызстанда А. Тилекеева окшогон шылуундар соттор менен келишип алып, мыйзамсыз иштерди каалагандай жасай берсе болот экен — деп жасап жатышат. Баарынан өкүнүчтүүсү — жер куруткан А. Тилекеева КР Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын мүчөсү болуп шайланып алыптыр. Суроо туулат: Эми ушундай адамдар соттордун тартибин көзөмөлдөсө иштин бүткөнү да? Мен муну айтканым, А. Тилекеева мындан 5–6 жыл мурда Биринчи Май районунда судья болуп иштеп турганда профсоюздук кызматкерлердин Балыкчы эт комбинаты-нан мошенниктик кылып ири суммадагы акча өндүргөнүн мыйзамсыз коргоп, ишти кыскартканына байланыштуу ызы-чуу азыр да бүтпөй жатканын угуп келатам. Мурдагы Президент муну сотко өткөрбөй туура эле кылган. Сот деген соттой болуш керек да.

Өзүңүз билгендей, Кыргызстандагы мыйзамдардын баары — эл аралык стан-дартта, нормальный сотторго жазылган. Биздеги судьялардын деңгээлин билесиз, алардын кылган мыйзамсыз иштерин өзүңүз да айтып жүрөсүз. Ошондой соттордун былыктарын оңдош үчүн, алардын жоопкерчилигин караган беренелерди Конституцияга, Конституциялык мыйзамдарга киргизбесе болбой калды. Мындай ыплас иштер дагы да улана берсе, калыстык издеген шору калың элибизге өтө эле кыйын болот го?

«Жеке менчик кол тийгис» — деп, биздин баш мыйзамда жазылып турса да, Конституциялык палата бул жөнүндө токтомун токуса да, кээ бир ээн баш соттордун «өзүм билемдигинен» — бирөө жеке менчигинен ажырап, экинчиси — анын жеке менчигин чеке тердетпей менчиктеп, олжолоп алса боло береби?

Сартова Айгерим жөн жерден эле мындай кооптуу ишке барган жок, анткени анын колдоочулары Ички иштер министрлигинде көп жылдар бою жетекчилик кызматта иштеп кеткен, бүгүн да чоң кызматтарда жүргөн Ат-Башылык тың чыкмалар.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Президенти, калыстыкты Сизден гана күтүү менен, Сизден суранам:

1. Жогоруда аталган иштерди кароодо сот адилеттигин орнотууну, тийиштүү жана компетенттүү органдар аркылуу КР мыйзамдарынын жетегинде көз боёмочулук, шылуундук, алдамчылык кылып, менден жана кызым Чалбаева Таттугүлдөн ири суммадагы акча каражатын алып кетип, учурда качып жүргөн Сартова Айгеримдин аракетине укуктук баа бердирип, ал акча каражаттарды бизге өндүртүп бердирүүнү;

2. Жогоруда аталган сот иштери боюнча мыйзамсыз сот актыларын чыгарган судьяларга компетенттүү органдар аркылуу мыйзам чегинде чара көрдүрүүнү;

3. Сот иштерине кийлигишип, алардын мыйзамсыз чечим чыгарышына таасирин көрсөткөн адвокат, учурда Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын мүчөсү А. М. Тилекееванын мыйзамсыз иштерине тийиштүү органдар аркылуу укуктук баа бердирүүнү жана чара көрдүрүүнү.

Сизди терең урматтоо менен, М. Ж. Сулайманова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: