Бүгүн, 28-октябрда мэрия басма сөз кызматы билдиргендей, мэр Азиз Суракматов шаардыктар, мектеп жана бала бакча директорлору менен жолугуп, класстар менен тайпалардын, шаардагы ооруканалардагы палаталардын температурасына кызыгып, муздак болуп жатканын билди. Шаардыктарды кышка даярданууга чакырды.
Эскерте кетсек, ысык суу менен жылуулукту бишкектиктерге эки уюм берет. “Бишкек жылуулук түйүнү” – Улуттук энергохолдинг компаниясынын туунду компаниясы. “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы – мэриянын алдындагы түзүм, “Бишкек жылуулук түйүнү” ААКсынын магистралдык түтүктөрү жетпеген жерлерди жылытат.
Жылуулук маселелери боюнча төмөнкү телефондор менен кайрылсаңыздар болот: (0132) 21-28-47, (0312) 212844, же WhatsApp-каналга жазыңыздар: 0500 287070.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ