Menu

Минскиде кыргыз бажычылары “Друзья” ресторанына неге барышпады?

Бөлүшүү:

Жакында Белоруссиянын борбору Минск шаарында Евразиялык союздун бажычылары чоң жыйын өткөрүштү. Анда Россиянын, Казакстандын, Белоруссиянын, Армениянын жана Кыргызстандын бажычылары катышкан.

Жыйын аяктаганда Беларусиянын бажычылары меймандарды кечки коштошуу сый тамагына Минскидеги эң популярдуу “Друзья” ресторанына чакырышат. Евразиялык союзга кирген 5 өлкөнүн бажычылары шатыра-шатман ресторанга жөнөп калышканда кыргыз бажычыларына ал ресторан экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиевдики экени белгилүү болот.

Европада ОБСЕнин жыйынында Кадыржан Батыров менен катарлаш олтура койгону үчүн бийликтен тепки жеген мамлекеттик кызматкерлердин мисалынан улам кыргыз бажычылары белорустардан ресторанды алмаштырууну өтүнүшөт. Бирок, белорустар “бизде азыр эң популярдуу ресторан ушул, мындан жакшысы жок, анын үстүнө алдын-ала заказ кылынып акчасы төлөнүп да калган, алмаштыра албайбыз”, деп баш чайкашат.

Айласы кеткен кыргыздар Кыргызстандын Белоруссиядагы элчисине кайрылышат “эмне кылабыз?” деп. Элчи “өзүңөр чечкиле” деп четке чыга берет. Бишкекке, Тышкы иштер министрлигине чалып сурашса алар “муну биз чече албайбыз, президенттин аппаратка чалгыла” деп кутулушат. Президенттик аппаратка чалып дагы бир балээге кабылбайлы деп чочулаган кыргыздар акчасы төлөнгөн сый тамакка баруудан коркушуп, мейманканага келишет да аракты өкүртө ичип жатып алышат.

Бул окуя Кыргызстанда бийлик авторитардык экенинен кабар бербейби? Жадагалса сый тамак ичкени да саясатка айланып, жогорку бийликтен уруксат сураш керек. Мамлекеттик кызматкерлер сый тамакка баргысы келип турса да Бишкектеги бийликтен чочулап жатканы эмнени каңкуулайт?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: