Menu

КР Салык кызматы: “Соцфонддун “Салык кызматы азырынча 72 миң отчет боюнча маалымат бериле элек” деген маалыматы чындыкка дал келбейт”

Бөлүшүү:

“Kyrgyztoday.kg” сайтында 2019-жылдын 25-октябрында жарыяланган макалада “Салык кызматынан Соцфондго маалымат которууда кармалып калышып, 72 миң киши пенсиясын албай калган” деп Социалдлык фонддун жетекчилери берген маалымат чындыкка дал келбестигин Мамлекеттик салык кызматынын басма-көз кызматы билдирди.

“Башында айта кетсек, Талас облусунун Манас районунун тургуну Зина Мауталиева бир нече айдан бери пенсия ала албай жаткандыгы тууралуу массалык маалымат каражаттарына кайрылган. Анын негизинен Социалдык фонддун жетекчилиги тийиштүү маалыматтарды ММКга берген, сиздер да жарыяладыңыздар.

Социалдык фонддун жетекчилигинин “Салык кызматынан Соцфондго азырынча 72 миң отчет боюнча маалымат бериле элек” деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Салык кызматынын маалыматтык системасынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр боюнча жиберилбеген маалыматтар жок. Салык кызматы 2019-жылдын 26-октябрына карата Соцфондго 435 миң 394 эсептешүү ведомостун жөнөткөн, анын ичинен Соцфонд тарабынан 46 миң 740 ведомость иштелип чыгыла элек, ошондой эле төлөөчүнүн маалыматтары ылайык келбегендигинин себеби боюнча (Соцфонддун номери, ИСН, ж.б.) 9967 кайтарылган. Муну менен Соцфонддо төлөөчүлөрдүн өздөрүнүн арыздары боюнча маалыматтардын (аты-жөнү) өз убагында жаңыланбаган (өзгөртүлбөгөн) учурлары бар. Эскерте кетсек, 2019-жылдын 15-январынан баштап Салык кызматына камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу, башкача айтканда, камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу милдети гана берилген, ал эми пенсияларды дайындоо, төлөө милдети Социалдык фонддо калган. Зина Мауталиева өзүнүн пенсиясын Соцфонддун пенсияны дайындоо жана төлөө боюнча ички жол-жоболордун кесепетинен ала албай жатат, бул салык кызматынан эч кандай көз каранды эмес”, – деп айтылат билдирүүдө.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: