Menu

Кыргыз топ тепкичтери кызык оюн көргөздү

Бөлүшүү:

Өлбөгөн жанга жаз келди. Аны менен кошо футбол оюну боюнча Азия кубогу-2019 мелдешинин иргеп алуу алгачкы мелдештери жанданды. 28-март күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы ордо калаанын борбордук стадионунда 10 миңге жакын топ куйөрмандардын катышуусунда Кыргызстан командасы менен Макао курамы футболдук талаага чыгышты. Биздин кыргыз топ тепкичтери «А» тайпага туш келгенине байланыштуу жоопкерчилик да катуу жуктөлгөн. «Өлсөң-талсаң да, кашык каның калгыча салгылаш, Макао комаңдасын ут!» деген. Таймаштын алгачкы мүнөттөрүнөн баштап биздин топ тепкичтер атаандаштын дарбазасына карай байма-бай чабуул жасап, бирок ийгиликке жетише албай турду. Мирлан Мурзаев жакшы эле жарым талаадан дарбазаны карай улам-улам адырандап кирип барганы менен же топту таамай тебе албай, же өнөгүнө топту жемиштуу өткөзүп бере албай атканы бир канча жолу кайталанып кетти. Ал учурда макаолуктар да жөн жатпай 1-2 жолу биздин дарбазага чабуул жасап үлгүрдү. Дарбазачы Павел Матяш чеберчилик менен топту эки курдай кылдат тосуп калды. Оюндун биринчи бөлүгү кыргызстандыктардын үстөмдүгүндө болгону менен топ күйөрмандары голду көргөн жок. Баш насаатчы Александр Крестинин тыныгуу учурунда команданын оюн тактикасын өзгөрткөнү бизге байкалып,
ыраактан топ өткөрүп берүү жагына ыкташып, атаандаштарды бир аз ыңгайсыз абалда калтырып атканы көзгө таамай көрүнүп турду. 69-мүнөттө атаандаштар оң канаттан оюн эрежесин бузуп, биздикилер айып тобун тебүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ахлидин Исраилов дарбазаны көздөй көкөлөтө чыгарып берген тобун команданын каптитаны Азамат Байматов башы менен таамай сүзүп гол киргизип кетти. Стадион күйөрмандардын кубаныч кыйкырыгынан жарылып кете жаздады. Дүйнөлүк мыкты бомбардирлер быякта калгансыды. Көптөн күткөн топ эле. Жыргай эле түштүк , бир аз демди басып.

Эгер статистикага абай салсак, биздин топ тепкичтер Макао командасы менен канча жолу беттешпесин, эч качан утулган эмес экен. Бу жолу ошону дагы бир жолу тастыктап, коноктордун эсебин берди. Ошентип биздин Кыргызстан командасы жаңы футболдук сезонду жеңиш менен баштады. Ал эми «А» тайпасындагы берки Индия командасы менен Мяньма курама ортосундагы мелдеш индиялык каратору топ тепкичтеринин жеңишинде (1:0) аяктаганынан кабардар болдук. Эми кийинки мелдеш 13-июнда Индия курама командасы менен сыртта ойнойт. Азыртан эле айтып коёюн, бизди аябагандай чоң сыноо күтүп турат. Андыктан топ тепкичтерибизге ийгилик каалайлы.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: