Жалал-Абад шаары 2018-жылдын биринчи айын өнөр жайдагы өсүү менен баштады. Башкача айтканда, январь айындагы өнөр жай продукциясын өндүрүү жагынан өсүү темпи 108,7 пайызга жетти. Бул тууралуу шаар мэриясынын аймактык экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.
Алынган маалыматка караганда, өткөн 2017-жылы январь айында шаар боюнча салыштырма бааларда 285 миллион сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн. Ал эми быйылкы январь айында өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын жалпы көлөмү 309,7 миллион сомду түздү.
Жогоруда көрүнүп тургандай, айырмачылык 24 миллион 700 миң сомго барабар. Ал эми өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын январына караганда 182,6 пайызга өскөн.
С. Умаровдун билдиришинче, жергиликтүү өнөр жай ишканалары чыгарган продукцияны рынокто сатып-өткөрүү жагынан аракет жасап жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ