Жума, 25-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Бийбосунов Руслан Мелсовичтин Свердлов облусунун Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар министри Козлов Василий Валерьевич менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптар келээрки IX кыргыз-россиялык аймактар аралык конференциясынын алдында Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун күчѳтүү боюнча, Россияда жүргөн КРнын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле, аймактар аралык биргелешкен иш-аракеттердин ар түрдүү багыттарын талкуулоо болду.
Башкы консул Бийбосунов Р.М. кыргыз тарапка ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, 2020-жылы Кыргызстандагы Россиянын, Россиядагы Кыргызстандын “кайчылаш” жылында өткөрүлчү иш-чаралар тууралуу, ошондой эле аймактар аралык конференцияга даярдык көрүүгө байланыштуу пландары жөнүндө маалымдады.
В. Козлов Башкы консул Р. Бийбосуновду кызматка дайындалышы менен куттуктап, Башкы консулдуктун консулдук аймакта эмгектенип жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан активдүү ишмердүүлүгүн белгилеп, аймактар аралык кызматташуунун соода-экономикалык багытын өрчүтүү зарыл экендигин баса белгилеп, келээрки иш-чараларды өткөрүүгө орус тараптан колдоо көрсөтүлөөрүн жана биргелешип иштеп чыгуу мүмкүн экендигин тастыктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ