Menu

Саида Асанкулова: “Баса албасам дагы өмүрүм өтүп, тирүүчүлүктө жашап жатам”

Бөлүшүү:

Адам, аалам, тирүүлүк. Бул үч сөз биригип келип жашоо деген улуу ойду туюндуруп тургансыйт. А жашоо деген эмне? Ааламбы, адамбы, айбанатпы, жаратылыш-табиятпы? Күндүн чыгып кайра батканыбы же кечтин кирип таңдын атканыбы, бакытпы же өтүп жаткан өмүрбү? Дегеле жашоо деген эмне? Ага ким кандай аныктама бере алат? Бүгүнкү каарманым менен баарлашып отуруп мен ушул ойлорго чөмүлдүм. Анткени анын жашоого болгон көз карашы, умтулуусу, сезимдери мени бөтөнчө ойго салып койду. Анда маегибиз башынан болсун.

– Саламатсыңбы Саида? Сени карап отуруп өзгөчө суроо бергим келип турат. Биз бул жарыкчылыкка тамак ичип-жеп, уктап, туруп, жумушка барыш үчүн гана келген эмеспиз да туурабы? Сенин оюңча жашоо деген эмне?

–  Жашоо деген менин оюмча өтүп жаткан өмүр, тирүүлүк, жакшы-жаман көз ирмемдер, тартып алып кайра чыгарган демибиз. Мына мен эл сыяктуу баса албасам дагы өмүрүм өтүп, тирүүчүлүктө жашап жатам. Бул менин жашоом. Ал эми апам жана иним булар менин жашоомдун бир бөлүгү.

 Өмүр таржымалыңдан учкай кеп салып өтсөң?

– Мен 1990-жылы 29-октябрда Чүй областына караштуу Москва районунун Беловодск айылында жарык дүйнөгө келгем. Айыма жетпей, жети айлык болуп төрөлүптүрмүн. Өтө алсыз болгондуктан доктурлар апама “Кызыңыздын абалы өтө начар, эки жолу жүрөгү токтоду. Бүгүн түндөн чыкса чыгат, чыкпаса өлөт” – дешиптир. Муну уккан апам түнү менен ыйлап чыгыптыр. Эртең менен барып караса дем алып, жашап кетиптирмин. Эч кандай оорунун белгилери билинбептир. Үч жашка чейин баспаганымдан ооруканага алып барышса, дарыгерлер ДЦП (Детский церебральный паралич) деген диагноз коюшуптур. Ошол күндөн ушул күнгө чейин барбаган жерим калган жок. Басып калам го деген үмүт менен көп жерлерге бардык, көп дарыгерлерге көрүндүк. Өз алдынча баса албаганыма байланыштуу мектепке да бара албай калдым. Жазганды, окуганды болсо инимден үйрөндүм.

 Эмне үчүн башкалар басып жүрөт, мен баса албайм деген ойлор келчү беле?

–  Ооба, башында ошондой ойлор болчу. Акыл-эске толуп баштаганымда мен муну Кудайдын мага берген сыноосу экенин түшүндүм. Анын буйругуна каршы чыга албайт экенбиз. Мени ушундай абалда жараткысы келди, жаратты. Буга өтө эле мүңкүрөп нааразы болуп кеткен жокмун. Кандай жаралсам өзүмдү-өзүм ошондой кабыл алдым.

 Жашоо-эптеп күн өткөрүү эмес, ар бир күндөн ырахат алуу үчүн берилген эмеспи. Сурайын дегеним сен эмнеден ырахат аласың?

–  Адамдар менен сүйлөшүүдөн, сейилдөөдөн ырахат алам. Өзгөчө жаңы таанышкан адамдар менен баарлашуу мен үчүн кызык. Ар бир адамда бири-бирине коошпогон өзгөчө жакшы сапаттар болот эмеспи, ошондой сапаттарды өзүмө сиңирип алганга аракет кылам.

 Күнүбүздүн жакшы же жаман өтүшүнө мезгил эмес, кээ бир учурда адамдар себепкер болот. Баса албаганыңдан улам ыңгайсыз абалга калган учурлар болобу?

– Андай учурлар көп эле болот. Канча адам болсо ошончо көз караш, ошончо ой бар экен. Мүмкүнчүлүгү чектелген десе эле кээ бири туура эмес ойлошот. Бир жолу компьютердик курска жазылайын деп барсам, мугалим “Акыл-эсиң ордундабы? Окуй аласыңбы?” – деп күмөн санагандай кайрылса, ызаланып аябай жаман болгом. Бирок мындай жагымсыз окуяларды батыраак унутканга аракет кылам. Кээде күлкүлүү окуялар да болуп турат. Бир жолу эжемдин туулган күнү болуп мен да барып калдым. Диванда отурсам классташ баласы келип “Кел бийлейбиз?” – дейт. Мен баса албайм деп айткандан уялып, жок, бийлебейм десем такыр болбойт. Акыры айтууга аргасыз болдум. Кечирим сурап аябай жаман болгон.

 Өз алдынча сыртка чыга албагандан кийин көп учурда үйдө болсоң керек?

–  18 жашка чейин ошондой эле болду. Он сегизге толгондо бутумду операция кылдырдым. Толук кандуу басып кетпесем да, үй ичинде ходунок менен бир аз басам. Көчөгө чыкканда коляска менен жүрөм. Бир жолу жашоомдо бурулуш болду. Бирөө аркылуу Равенство деген организациянын жетекчиси Гүлмира Казакуновна деген эже менен таанышып калдым. Эже өзү да коляскада отурат. Баса албай үйүнөн чыкпаган кыздарды өз алдынча жашоого үйрөтүү максатында Казакстанда семинар болмок экен. Ошого кыздарды издеп жатышыптыр. Кудайдын буйругу менен мен да барып калдым. Колу иштебей, буту менен тамак жеп, сүрөт тарткан ар кандай адамдарды көрүп шүгүр кылып, өзүмө күч топтодум, таасирлендим. Неге мен эч жакка чыкпай отурушум керек? Өз алдымча жүрүүгө үйрөнөм деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Ошондон кийин коляска менен сыртка жалгыз чыкканга аракет кыла баштадым. Семинар-конференцияларга барып өзүмө окшогон курбуларды таптым.

 “Ойлогон нерсеңизди түшүнүңүз, бүгүнкү ойлор сиздин эртеңки келечегиңизди курат” деген накыл кеп бар. Келечегинди кандай элестетесиң?

–  Мен жалгыздыктан корком. Бардык айымдар сыяктуу эле үй-бүлө куруп, бала жытын жыттагым келет. Келечекте өзүмдү сүйүктүү жар, бактылуу, мээримдүү эне катары элестетем.

 Уйкунун жоктугу эмес, эртең менен эрте тургузган максаттын жоктугу чыныгы маселе экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Кол жеткис максаттарың?

– Максаттарым көп. Адам болгондон кийин кандай абалда болгонуңа карабай бийиктиктерди багындыргың келет. Мүмкүнчүлүк болсо окуп, иштеп, сулуулук салонун ачкым келет. Кыялданып, алдыга максат коюп алып, ал нерсең ишке ашпай калса кыжалат болот экенсиң. Бирок ага карабай аракет кылып, алдыга умтулуп жашап келем. Материалдык, моралдык жактан колдоо болсо эле максаттарым ишке ашчудай сезиле берет. Колунан келишинче мени ушул даражага жеткирип чоңойткон апама ыраазымын деп айтаар элем.

 Окурмандарга кайрылууң?

–  Жашоодо канчалык кыйын учур болбосун бардыгын сабырдуулук менен жеңсе болот. Колдо бар мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай, жаман жолго түшүп кеткендерге өкүнөм. Алты саны аман, ден соолугу бар туруп болоор-болбос нерселерге кайгырып, кейил-кепчип, жашоону татаал дегендерге, байлык, бийлик деп жулунгандарга кайрылгым келет. Тоодой алтын берейин, алдыгы эки бутуңду бересиңби, бербейсиң, башыңа үйдөй күмүш үйөйүн эки колуңду бересиңби, бергиң келбейт, кымбат машина, эки кабат үй берейин жок дегенде чыпалагыңды эле берчи? Аны да берүүгө дитиң барбайт. Колуң эмес, тырмагыңды да ыраа көрбөгөн материалдык байлык үчүн эмне мынча тытынасың? Дене мүчөң толукпу? Ден соолугуң чыңбы, жакындарың аманбы, эртең менен таңдын атканын, күндүн чыкканын көрүп жатасыңбы, ичээрге бир чөйчөк сууң, жээрге бир сындырым наның барбы демек сен бактылуусуң. Калгандары арзыбаган нерсе. Бардык адамдарга ден соолук каалайм. Аманчылык болсун.

Маектешкен Бегимай Бекматова 

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: