Menu

Тажик дзюдочусу Азиянын ачык кубогунда алтын байге алды

Бөлүшүү:

Тажик балбандары белгилүү казак фермери Турар Жолдыбаевдин элесине арналган дзюдо боюнча Азиянын ачык кубогунда эки медалга ээ болушту. Эл аралык мелдеш 3-4-ноябрь күндөрү Актау шаарында өттү.

Мелдешке Тажикстандын атынан үч дзюдочу барган.

Азиянын ачык кубогунун алтын медалын 100 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшкөн Саидджалол Саидов утту. Чечүүчү беттеште ал казакстандык дзюдочу Шасуллан Мухаметхановдон күчтүү болуп чыкты.

Дагы бир тажик спортчусу Хайёмиддин Жабборов (73 килограммга чейинки салмакта) күмүш байге алды. Финалда ал грекиялык дзюдочу Георгиос Азойдиске утулуп калды.

Тажикстан курамасы эки медалы менен жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга жайгашты. Сап башына 7 алтын, 10 күмүш жана 13 коло медаль алган казак курамасы жазылды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: