Menu

Пентагон аль-Багдадиге каршы жүргүзүлгөн операциянын видеосун жарыялады

Бөлүшүү:

АКШнын Коргоо министрлиги шаршембиде “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдадини өлтүрүү операциясы учурунда тартылган видеокадрларды жарыялады.

Аэрофототасмада америкалык аскерлердин аль-Багдади жашырынган комплекске жакындаганын, АКШ Аскер аба күчтөрүнүн учактары болсо андан алыс эмес жайгашкан жихадчыларга каршы ок чыгарганын көрүүгө болот. Видеодо исламисттердин лидери жашынган имарат бомбалангандан кийин чыккан коюу кара түтүн да көрүнгөн.

АКШ имаратты толугу менен кыйратуу чечимин кабыл алган.

Америкалык аскерлер жоочуларды аль-Багдадинин өлүмү үчүн өч алуунун арты жакшы аяктабай турганын эскертишти.

27-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Абу Бакр аль-Багдадиге каршы операция жүргүзүлүп, ал бир нече баласын жана өзүн жардырып жибергенин маалымдаган. Операция Сириянын Идлиб провинциясында ишке ашкан. Бул арада Орусиянын Коргоо министрлиги “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидери өлтүрүлгөнү тууралуу так маалыматка ээ эмес экенин жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: