Ашхабадда 1-ноябрда башталган Оор атлетика боюнча чемпионатка байланыштуу түркмөн-өзбек чек ара бекеттери жабылды. Мелдеш 10-ноябрга чейин өтөт.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Лебап облусунун Фарап районундагы чек ара бекетинде кишилерди өткөрүү токтотулду.
Өзбекстандагы туугандарын тосуу үчүн көзөмөл-өткөрмө бекетине барган жарандарга чемпионат бүткөнгө чейин чек ара ачылбай турганы айтылган.
Эки өлкөнүн жарандары түркмөн-өзбек чек арасынан виза же жеңилдетилген уруксат кагазын көрсөтүү аркылуу өтүшөт.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ