Menu

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Атамбаевге бийликти узурпациялоо айыбы тагылышы керек эле…”

Бөлүшүү:

– Жасалма, түшүнүктөрдү алмаштыруу, тема алмаштыруу… деген сыяктуу түшүнүк булар жалпы жонунан АФЕРАны туюндурат…

Атамбаевдин тарапташтары да так ушундай нерселерге сагыздай эле жабышууну чечишкен окшойт…

Негизи эч ким Бишкек ЖЭБди модернизациялоо зарылдыгын жокко чыгарбайт, эч ким “насыя каражаттарды алуу зарылчылыгы болгон эмес” деген жок… алар өлкөгө керек болгон… жана бул долбоор Акаев-Бакиев мезгилинен бери эле талкууланып келген, бирок анда сумма бир топ азыраак эле… Так ушундай зарылчылыктан парламент өкмөт, президентгик аппараттын басымы менен кол койгон КЕЛИШИМди ырастап берип атпайбы, аны менен депутаттар өкмөттүн негиздерин жетектеп калышты… Тартип ушундай. А бирок өкмөт модернизациялоонун баасын атайылап көтөргөнүн, модернизацияны ар кандай ТЭОсуз, техникалык документациясыз жана бекитилген сметасыз өткөрүүнү каалаганын… жыйынтыгында бул өлкө үчүн кайгыга айланаарын… өлкөнүн кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирээрин депутаттарга айткан жок.

А эми азыр кулактарына чейин балчыкка баткандан кийин акылдуу болумуш боло башташты – Жогорку Кеңеш КЕЛИШИМди үч окуудан кийин дароо ратификациялабай, добуш берүү процессин бир жарым айга узарта турганда депутаттар да акылга келишип, Атамбаевдик командага аферасын ишке ашырууга жол берилмек эмес дешип… анда КЫЛМЫШ да болмок эмес дешип… Ошол эле убакта президент болуп туруп ал ратификация тууралуу мыйзамга кол коюп, күчүнө киргизген Атамбаевдин жеке жоопкерчилиги жөнүндө ооз ачышпайт… Атамбаев ал мыйзамды артка кайтарып сала да алмак… Бирок андай кылбады, анткени өзүнүн кызыкчылыгы бар болчу.

Күлөсүң да, күйөсүң да дечү беле ушундай учурларда.

АТАМБАЕВдин БИЙЛИКТИ УЗУРПАЦИЯЛАГАН маселеси учурда көтөрүлбөй жатканы жана ага так ошол УЗУРПАЦИЯ боюнча айып тагылбаганы туура эмес деп ойлойм. Түп-тамырынан туура эмес. Анткени Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча Келишимди даярдоо жана ратификацйялоо процесси Атамбаевдин мамлекетке каршы жасаган кылмыштарынын бир эпизоду эмеспи. Бул биринчиден.

А экинчиден, БИЙЛИКТИ УЗУРПАЦИЯЛООну коомдук талкуулоо жана айыптоо, анын анатомиясынын бетин ачуу бул чыныгы демократиялык жана эркин коомду түзүүнүн ачкычы.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: