Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту КР Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов боюнча соттук ишти соңуна чыгарды.
Эске сала кетсек, УКМК аны Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин маалымдаган. Ага Башкы прокуратура «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча өлчөмүндө пара алган» деген айып койгон. Прокурор болсо Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү өтүнгөн.
Бүгүн сот И.Илмияновду 7 жылга эркинен ажыратып, мүлктөрүн да алып койду. 10 миң сомду «Дизель комплект» компаниясынын жетекчиси Грамовичтин пайдасына чечип, өзүнүн жана туугандарынын Баткен менен Бишкектеги бир катар мүлктөрү камакка алынды, ага бир нече автоунаалар менен Чүйдүн Сокулук районундагы жер тилкелери да кирет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ