АКШнын президенти жубайы Мелания менен биргеликте Вашингтондун Ак үйүндө Хеллоуин күнүнө карата балдар үчүн майрам уюштурушту. Мейман балдардын арасында 8 жашар Хайден деген каны кыргыз кыз да бар. Аны америкалык Памелла Аллен деген айым асырап алган экен. Памела өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына кыздын сүрөттөрүн тынбай жарыялап турат. Бу жолу Ак үйгө барган сүрөттөрүн чыгарган.
Эскерте кетсек, Хеллоуинди Ак үйдө 1958-жылдан бери белгилеп келишет – ал мезгилде АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэрдин жубайы Мейми резиденцияны жасалма киши сөөктөрү жана ашкабак менен кооздогон. Ал салтты ошондон бери бардык АКШ президенттери улантып келишет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ