Бүгүн, 30-октябрда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрликтер менен мамагенттиктердин 16 орун басарына жана статс-катчыларына эскертүү берип, сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыз кылуу бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басарлары Камалдин Токтосартов, Ализа Солтонбекова жана Жаңыл Алыбаева, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамагенттиктин директор орун басары Миргүл Айдарова, Маммүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев, эки орун басарлары Токтогул Туманов жана Бекболот Алиев начар иштегендиктери үчүн эскертүү алышты.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев, Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Мадаминжан Каратаев менен Эркин Чечейбаев, өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу мамкомитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев менен Кырыбек Ибраев, Салык кызматынын статс-катчысы Жакып Карагул уулу жана Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Калиман Маматова сөгүш алышты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ