Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутаттар медицина тармагында көтөрүлүп жаткан көйгөйлөрдү айтып, анын чечилишин Өкмөттүн астына коюшту.
Депутат Бакыт Төрөбаев Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлериин 92%ы иш ташташкандыгына токтолуп, бул бийлик бутактарына кагылган коӊгуроо экендигин баса белгиледи. Ошондой эле депутат алардын маянанын аздыгы, тиешелүү шарттардын жоктугу, эӊ башкысы негизсиз текшерүүлөр болуп жатканы айтылганына көӊүл буруу зарыл экендигин айтты.
Ал эми депутат Жылдыз Мусабекова дарыгерлердин ишине тоскоол болуп, аларды жөнү жок эле сөгүп-сагып, кадыр-баркына шек келтирген, ал тургай кол көтөргөн фактылар бара-бара көбөйүп жатканына тынчсызданды. Депутат медицина кызматкерлерин укуктук жактан коргоого мезгил жеткенин айтып, тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды. Ж.Мусабекова Орусияда дарыгерлердин кадыр-баркына шек келтиргендерге 10 миӊ рубль айыппул салынаарын, ал эми кол көтөрүп, денесине залал келтирсе кылмыш жообуна тартылаарын мисал көлтирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ