Астрахань облусунун Алча айылында 124 жашка чыккан Танзилия Бисембеева каза болгонун РИА Новости жазып чыкты. Үстүбүздөгү жылдын январынан тарта бу киши дүйнөдөгү жашы эң улуу жашоочу катары саналып келген. Ал жөнүндө жазуулар Орусия рекорд китебине сакталган.
Танзилия Бисембеева 1896-жылы 14-мартта падышалуу Орусияда туулган. Сегиз баланын эң улуусу болгон. Ал бир нече ыңкылапты, Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарды, СССРдин кулашын көргөн.
“Тынч эле кете бериптир. Бүтүндөй айыл келип, акыркы сапарга узатты”, – дейт Красноярск районунун башчысы Нургали Байтемиров.
Азыр Гинесстин рекорддор китебинде көч башында жапон Канэ Танака турат. Ал 116 жашка чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ