“Өткөн жумада премьер-министр милиция кызматкерлери кошумча төлөмдөн баш тартып жатат деди эле, чындыгында андай, – деп билдирди бүгүн, 6-майда депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин жыйынында.
Анын айтымы боюнча, милициянын кызматкерлери ага кайрылып, нааразы болгонун билдиришкен.
“Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден бери күнү-түнү иштеп жатабыз дейт. Кошумча төлөмдөн эч ким баш тарткан жок дейт. Ошондуктан, бул тууралуу так маалыматты каржы министрлигинен уксак” – деп билдирди депутат.
Депутат ошондой эле, өкмөт 10-апрелде коронавируска чалдыккан медициналык кызматкерлерге 200 миң сом, каза болгондорго 1 миллион сомдон бериле турганын айтканын эскертип, бирок, кечээ ал төлөнүүчү акчанын суммасы 2 эсе кыскарганын билдирди.
“Өкмөт калпычы болуп калды. Бул тууралуу парламентке так маалыматты берсе, себеби бизге кайрылып жатышат. Жада калса бизде дагы маалыматыбыз жок” – деп кошумчалады депутат.
Булак: «KyrgyzToday»
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ