Учурунда Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү ”Ак кеме” мейманканасы жөнүндө сот ишине ылайык Sistem Muhendislik компаниясына 11 млн доллар төлөп беришкени боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу жактоочу Кайрат Загибаев 31-октябрда басма сөз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылы Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбору (ИТЖЭБ) Кыргызстан өкмөтүнөн 11,4 млн доллар өндүрүүгө чечим чыгарган. Ошондо Ж.Оторбаев башында турган өкмөт мыйзамдуу негиз болбосо да, ал акчаны которуп жиберген.
“Кылмыш иши козголгон кишилердин пайдасына бүджеттик акчаны чыгарып берүү болуп эсептелет. Кыргызстан Эл аралык борбор (ИТЖЭБ) менен кызматташуу боюнча эч кандай келишим түзгөн эмес, аны Жогорку Кеңеш ратификациялаган эмес. Ошондуктан ал чечимди аткарууга милдеттүү эмеспиз. Бирок ЖКнын макулдугун албай туруп, өкмөт ал акчаларды которуп жиберип жатат”, – деди жактоочу.
Мейманканынын алгачкы ээлери – малайзиялык инвесторлор менен Руслан Сарымсаков – прокуратурага жана экономикалык кылмыштарга менен күрөшүү мамкызматына кайрылышкан. Август соңунда Бишкек боюнча Эномикалык кылмыштар менен күрөшүү мамкызматы алардын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ