Өткөн апталарда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен “Кыргызстан сулуусу-2019” сынагы өткөрүлдү. Ал сынактын жыйынтыгында Нарын облусунун атынан чыккан 21 жаштагы Айжан Чаначева жеңүүчү аталган. Эми ал “Дүйнө сулуусу” сынагына катышат. Биз айчырайлуу Айжанга айрым суроолорубузду узаттык.
– Айжан, алгач үй-бүлөң тууралуу токтолсоң, ата-энең кайсы чөйрөдө иштешет?
– Атам чакан ишкерлик менен алектенет. Апам болсо туризм тармагында, конок үй иштетет. Төрт бир туугандын улуусумун. Менден кийинки сиңдим Тайванда окуйт. Андан кичүүлөрү бала бакчага барышат.
– Саясатка кызыгасыңбы? Баалаган саясатчыларың кимдер?
– Ушу мен таптакыр эле саясатка кызыгуум жок. Бир гана жашоомо таасир берген “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген укмуш цитатасын калтырган залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду баалайм.
– Сулуулук сынактары боюнча дагы кандай максаттарың бар?
– 20-ноябрда өтө турган “Дүйнө сулуусу” сынагына даярдана баштадым. Бирок, жетишпей калам го. Ал жакка катышуу үчүн бир топ каражат керек экен. Виза иштери бүтпөй калса, анда келээрки жылга аракеттенем.
– Сен жактырган мырзаны кандай сүрөттөйсүң?
– Узун бойлуу, акылдуу, ыймандуу, чечкиндүү жигиттерди жактырам.
– Ошондой мырзалар колуңду сурап калса, кандай жооп узатасың?
– Азыр эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Турмушка чыгуу капарымда жок. Өз максаттарыма жетүү үчүн күрөшөм деген ниеттемин.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ