Милиция автоунаа уурдагандарды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы бүгүн, 22-январь күнү билдирди.
19-январь күнү Жалал-Абад шаарынын тургуну 1960-ж.т. С.У. арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 18-январынан 19-январына караган түнү өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдындагы автоунаа токтотуучу жайга өзүнүн айдап жүргөн “Хундай Аванте” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз кылмышкерлер жашыруун түрдө уурдап, айдап кетишкенин билдирген.
Дагы бир Жалал-Абад шаарынын тургуну 1994-ж.т. С.Т. 2020-жылдын 19-январь күнү арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 18-январынан 19-январына караган түнү саат 23:50 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтотуп койгон “Деу Тико” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдирген.
Бул фактылар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Жогорудагы фактылар боюнча Жалал-Абад ОИИБнин жана Жалал-Абад ШИИБнин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокен районунун тургундары 2002-ж.т. Б.А. жана 2002-ж.т. У.Э. кармалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ