Мыйзамсыз жол менен ташылып келинген төрт автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 3-февраль күнү билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү
башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз
ташылып келинген 4 автоунааны аныкташты. Алар: “Мерседес-Бенц Е280”, “Мерседес-Бенц S-Class”, “Тайота–Лендкрузер-200” и “Мазда CX-5”.
Бул факты боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын жалпы алдын ала суммасы 5 609 591 сомду түзөт.
Бул фактылар боюнча чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча ЭККМКга өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ