Menu

Ноябрдан баштап күн суук болот. Көмүр алдыңыз беле?

Бөлүшүү:

Ноябрдан баштап абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-октябрда билдирди.

Алардын айтымында, 4-5-ноябрда аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 5-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан жаап, арты карга айланышы ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −2…-7° суук, күндүз −1 сууктан…+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн −4…-9°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −10…-15°, күндүз −1…-6° суук болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: