Menu

Түштүк Кореяда Аксы районунун тургуну бийиктиктен кулап каза тапты

Бөлүшүү:

Түштүк Кореяда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну көз жумду. Бул тууралуу журналисттер Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттарын бириктирген “Аманат” коомдук фондунун төрагасы Расулбек Аскаровго шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы жаран акыркы убактарда курулуш тармагында иштеген.

“Аксы районунун тургуну өткөн жылы Каннын шаарына келип, ал жерде курулушта иштеген. 14-августта кан басымы көтөрүлүп, эсин жоготуп, бийиктиктен кулап түшкөн. Аны дароо жандандыруу бөлүмүнө алып барышып, ал жерде 2 күн жатты. Эсине келбей көз жумду. Бул жерде мекендештер сөөктү жеткирүү үчүн каражат топтошкон.

16 миң доллар акча каражат чогултулду. Бул каражаттардын жардамы менен адвокаттар оорукананын кызматтарына төлөө, 200 жүктү Кыргызстанга жеткирүү боюнча документтерди иштеп чыгышты. Денеси жакынкы күндөрү мекенине жөнөтүлөт”, – деди Расулбек Аскаров.

Маркумдун артында 2 баласы калганы белгилүү болду.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Түштүк Кореяда 5 миңге жакын кыргызстандык иштейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: